Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Ак-Сууда "Хизб ут-Тахрирге" тиешелүү адабияттар табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, 2-апрель күнү Ак-Суу районунун Ырдык айылынын 42 жаштагы жашоочусунун үйү тинтүүгө алынып, тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана компьютерде сакталган файлдар табылган.

Тинтүү соттун санкциясына ылайык жүргүзүлүп, материалдар учурда теологоиялык экспертизага жөнөтүлдү. Жыйынтык чыккан соң УКМК кылмыш ишин козгоо боюнча маселени карайт.

"Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердүүлүгүнө Орусия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан ж.б. дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө анын ичинде Кыргызстанда да тыюу салынган. (ASa)

XS
SM
MD
LG