Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Кыргыз-орус тышкы иштер министрлери жолугушту


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушту. Алар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча актуалдуу маселелерди жана саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташууну бекемдөө жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары КМШ жана ЖККУнун алкагында коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жагдайы туурасында сөз болду.

Эки тараптуу жолугушуу бүгүнкү КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында уюштурулду. (AzK)

XS
SM
MD
LG