Бул туурасында Экономика министрлиги кабарлады. Аталган планды иштеп чыгып, аны ишке ашыруунун негизги максаты – коомдогу коррупциянын түпкү себептерин жоюу, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу, коррупцияга каршы күрөшүүдө мамлекеттик орган, жергиликтүү бийлик жана жарандык коомдун аракеттерин бириктирүү.
Буга чейин Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча 2014-жыл үчүн жарыялаган баяндамада Кыргызстан 136-орунду ээлеген. 175 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан 27 упай менен жемкордуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алган. 2013-жылы 24 упай менен 150-орунду ээлеген эле. Уюм өкүлдөрү бул 14 тепкичтик алга жылууга кубануу али эрте экенин эскертет. Анткени алар өлкөдө коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарттар дале көп экендигин белгилешкен.(AzK)