Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Лукашенко: Беларус эч качан Орусияга кошулбайт


Орусия, Казакстан, Беларус лидерлери (солдон оңго) В. Путин, Н. Назарбаев жана А. Лукашенко. Астана, 20-март 2015
Орусия, Казакстан, Беларус лидерлери (солдон оңго) В. Путин, Н. Назарбаев жана А. Лукашенко. Астана, 20-март 2015

Президент Лукашенконун айтышынча, Беларус эч качан Орусияга кошулбайт. Bloomberg News агенттигине берген интервьюда Александр Лукашенко ар кандай баскынчыларга каршы Беларус “акыркы адамы калганча” салгылашат дейт. Анын айтымында,“Орусияда көп адамдар алиге импералисттерче ойлонот жана Беларусту Орусиянын түштүк батыш губерниясы катары көрөт”. Бул интервьюну өкмөттүк БелТА агенттиги 2-апрелде жарыялады.

Лукашенко Батыштын расмий адамдарынын аны Европанын акыркы диктатору деген сөзүн да төгүндөдү. “Мен Европанын акыркы диктатору болбой калгам. Чөлкөмдө менден алда канча жаман диктаторлор бар, ыраспы?” дейт беларус президенти.

XS
SM
MD
LG