Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Францияда кыйраган аэробустун экинчи кара кутусу табылды


Germanwings авиакомпаниясына караштуу аэробустун экинчи кара кутусу. Марсел, Франция. 2-апрель 2015
Germanwings авиакомпаниясына караштуу аэробустун экинчи кара кутусу. Марсел, Франция. 2-апрель 2015

Германиялык учактын экинчи кара кутусу табылганы 2-апрелде кабарланды. “Кара куту капкара болуп калганына караганда күйүп кеткендей. Бирок тышкы кебетеси анын маалыматы пайдаланууга жарайт деген үмүт жаратат,” - деп билдирди Марселдин прокурору Б.Робин.

Альп тоолорундагы кырсыктын башкүнөөкөрү деп шектелген учкуч жанкечтиликтин жолдорун жана пилоттор кабинасынын коопсуздук системасын кылдат изилдеп үйрөнгөнү маалымдалган. Мындай тыянакка Андреас Любицтин Дюсселдорфдогу үйүндөгү компьютерди изилдеген тергөөчүлөр келишкен. Любицтин компьютери жана браузери учактын биринчи кара кутусундагы жазуулар окулгандан кийин текшерилген.

24-мартта Барселонадан Дюсселдорфго учуп бараткан Germanwings компаниясынын авиалайнери Франциянын тоолорунда кыйроого учураган.

Аэробуста пилоттор менен бирге 150 адам болгон.

XS
SM
MD
LG