Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Бишкекте мыйзамсыз салынган объекттердин иши токтотулат


Бул туурасында шаар мэри Кубанычбек Кулматов Жаш ишкерлер ассоциациясы менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, мэрия шаарда мыйзамсыз салынган 88 объекттин ишин токтотууга даяр. Курулушту токтотууга алардын долбоорунун туура эместиги себеп болууда. Көп ишкерлер курулуш ишин баштаарда бир долбоор алып келип, уруксат алгандан кийин башка долбоорду салып жатышат. Ишкерлер ошол эле учурда бул тармак боюнча көп мыйзамдар эскирип, мезгил талабына жооп бербей калганын билдирүүдө.

Мындан тышкары алар ишкерлик объекттерин тартип коргоо органдары тарабынан текшерүүлөрү көп болуп жатканын айтып, кээде алардан пара берип кутулууга мажбур болуп жаткандыктарын билдирди.

Бүгүн Жаш ишкерлер ассоциациясы башкы прокурор, мэр, архитектура агенттигинин жетекчилери менен жолугуп, мыйзамдардын татаалдыгы, мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча маселе көтөрүлүүдө. (AzK\KE)

XS
SM
MD
LG