Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Шылуунчулукка айыпталып жаткан сот кызматкери боюнча чечим чыкты


Жогорку Соттун басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, Биринчи май райондук соту шылуунчулук беренеси боюнча айыпталып жаткан Октябрь райондук сотунун төрайымынын милдетин аткаруучусу Гүлайым Эркебаева менен Жогорку Соттун кызматкери Рахат Абылкасымовага өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Гүлайым Эркебаеваны 5 жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынган. Бирок судья Кылмыш кодексинин 63-беренесин пайдаланып, 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен эркинен ажыратуу боюнча шарттуу жаза берди.

Рахат Абылкасымова мүлкү конфискацияланып, 5 жылга кесилди. Ал жазасын аялдар колониясында өтөй турган болуп, сот залынан камакка алынды. Сот бул аялдын мурда соттолбогонун эске алып, ага карата Адам укугунун жалпы декларациясынын 65 жылдыгына ылайык, 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапысты колдонуу чечимин кабыл алды. Анын негизинде анын өтөй элек жаза мөөнөтүнүн жарымы кыскартылат.

Бул эки жаранга карата кылмыш иши 2013-жылдын 2-апрелинде пара алуу фактысы боюнча козголгон.

Бул күнү алар 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Алар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда жүрүп жаткан жазык ишине кийлигишип, оң таасир берүү үчүн берилген акчаны алышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG