Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Баткенде АКШ борбору иштей баштады


Баткен облусунун борборунда уюштурулган АКШ борбору аймак жаштары үчүн жаңыдан кызмат көрсөтүп баштады. Аталган борбор англис тилин үйрөнүүнү каалаган жаштар менен кошо Америкага барууну үмүт кылгандарга да кызмат көрсөтөт. Борбордо тил үйрөнүүнүн жаңы ыкмасын колго алган уюштуруучулар Америка кошмо штаттарынын маданиятын, калктын турмушун да тааныштырып, көркөм жана даректүү тасмаларды көрсөтүшөт. Чет өлкөдөн келген ыктыярчылар менен жолугушуулар уюштурулуп, майрамдык кечелер өткөрүлөт.

Баткен аймагында мурда мындай борборлор жок болгонунан жаштар арасында тил үйрөнүүгө кызыккандардын саны көп экенин демилгечилер айтууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG