Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Тажикстандагы табигый кырсыктан 10 адам өлдү


Тажикстанда жер көчкү кеминде 10 кишинин өмүрүн алды. Чукул кырдаалдар комитетинин башчысы Ариф Назимовдун билдиришинче, каргаша 3-апрелде Дүйшөмбүдөн 50 чакырымдай алыстагы Файзабад районунда болду. Якабеди кыштагында ондогон үйлөр көчкөн жердин астында калган. Февралдын башында да калың жааган кардан кийин аба ырайы капилет ысып, жумшарган кыртыш көчүп, бир нече адамды жалмап кеткен.

XS
SM
MD
LG