Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

АКШ крым-татар маалымат каражаттарынын жабылышын айыптады


Америка Кошмо Штаттары Орусия бийлиги тарабынан крым-татарлары иштеткен маалымат каражаттарынын, анын ичинде көз карандысыз ATR телеканалынын жабылышын айыптады. Ошондой эле Крымда соңку учурда жабылган маалымат каражаттардын ишин тез арада калыбына келтирүүгө чакырды. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин маалымат кызматынын өкүлү Мари Харфтын билдирүүсүндө айтылат. “Крым Украинанын ажыратылгыс бир бөлүгү. Бул кадам Крымдагы сөз эркиндигинин абалын начарлатуу аракети”, - деп белгиленет билдирүүдө.

ATR телеканалы Орусиянын маалымат каражаты катары кайра каттоодон өтпөгөнү үчүн 1-апрелде ишин токтоткону кабарланган. Мындан сырткары “Мэйдан” радиостанциясы жана балдардын “Лале” каналы жабылган.

Соңку учурда Крымдын Орусия тараптан аннексияланышына каршы пикир билдирген крым татарлары коркутуп-үркүтүү, кодулоолорго дуушар болуп жатканы белгиленип келет. Буга чейин алардын үйлөрү, саясий уюмдардын кеңселери, мечиттер тинтүүгө алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG