Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Жоголгон балыкчыларды издөө иштери жанданды


Ыраакы Чыгыштагы Охотск деңизиндеги кеме кырсыгында жоголгон 13 балыкчыны издөө иштери жанданды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Камчатка аймагы боюнча өкүлүнүн билдиришинче, бүгүн жоголгон балыкчыларды асмандан Бе-200 амфибия-учагы жана Ми-8 тик учагы издейт.

1-апрелде балык уулоочу траулер чөккөн кезде ичиндеги 132 кишинин 56сы каза тапкан. Куткарылган 63 кишинин көбү муздак сууда катуу үшүп калып, 10 чактысы эсине келбей жатканы кабарланууда. Кеменин эмне себептен чөккөнү тактала элек. Жүргүнчүлөрдүн катарында Мьянмадан 42, Вануатудан беш киши, Украинанын төрт, Латвиянын үч жараны болгону кабарланууда. (КE)

XS
SM
MD
LG