Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Наристени бир койго саткан келин кармалды


Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну өзүнүн 5,5 айлык баласын 1 баш койго сатып жиберген.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева кабарлады. Анын айтымында, Чолпон айылынын С.К. аттуу тургуну Кочкор райондук милициясына 2015-жылы 23-март күнү Т.А. аттуу аял анын үйүнө келип 5,5 айлык кызын 5 миң сомго сата турганын айткан. Бирок ал акчасы жок экенин айтып, кызын бир баш кой берип алып калган.

Оперативдүү иликтөөнүн жүрүшүндө Чолпон айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Т.А. аттуу келин кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG