Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Аксы окуясында жабыркагандар кошумча үстөк пулду 1-майдан баштап алышат


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде кол койгон “Аксы окуясында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткандарды социалдык коргоо жөнүндө” жарлыкта белгиленген.

Мамлекет башчы бул маселе мыйзам жолу менен жөнгө салынганча каралган каражатты Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүп турууга милдеттендирди. Ага ылайык, Аксы окуясында жабыркагандар ай сайын 1585 сом үстөк пул алып турушат.

Учурда Аксы окуялары боюнча социалдык төлөмдү 31 адам алат. Бүгүнкү күндө социалдык жөлөк пулдун көлөмү айына 2115 сомду түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG