Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:36

Баткен: бир жарым миң киши шаарды тазалоого чыкты


Баткен шаардык мэриясынын «Азаттыкка» билдиришкендей, бүгүн шаарды тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн мекеме-ишканалардан жана окуу жайдан студенттер тартылды. Бул иш-чара Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулууда. Быйылкы жылы шаар аймагына миңден ашык арча жана башка бак-дарактардын көчөтү отургузулмакчы.

«Мурдагы жылдары да шаар аймагына ушундай эле санда көчөттөр отургузулуп, бирок каралбай куурап кала берчү. Быйылкы жылы ар бир көчөттү жеке кишилерге бекитип беребиз. Ошондо жакшы каралат», - деди Баткен шаарынын вице-мэри Адылбек Шадыманов. (JsA)

XS
SM
MD
LG