Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча директорлор кеңеши майда чогулат


Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча директорлор кеңешинин кезектеги жыйыны май айында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономиканы өнүктүрүү министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, фонд боюнча башкармалык ошол убакка чейин беш долбоор даярдап келиши керек.

- Бирок бизде эң чоң маселе - ири бизнес долбоорлорду даярдоо. Анткени биз чоң көлөмдөгү акчаны бергенге даярбыз. Ошого ылайыктуу бизнес долбоорлор болушу керек, - деди министр.

Сариевдин белгилешинче, 3 млн. долларга чейинки долбоорлорду фонд коммерциялык банктар аркылуу, ал эми андан көп каражатты талап кылган долбоорлорду түз каржылайт. Насыянын үстөгү салыштырмалуу төмөн болуп, мөөнөтү 5 жыл болот.

1-апрелден тарта ишке кирген фонд май айында насыя берүүгө киришүүнү пландаштырууда. Орусия ага 500 млн. доллар бөлүүгө убада кылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG