Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Немцов киши колдуу болгон жерде чатак чыкты


Орусиядагы Борис Немцов киши колдуу болгон Москварецк көпүрөсүндө оппозициялык саясатчынын талапкерлери жана каршы тарап ортосунда чыр чыкты. Блоггер Филипп Киреевдин Твиттерге жазганы боюнча, ыктыярчылар бүгүн SERB кыймылынан аталган жайды коргоо үчүн чыккан. Алардын бирөөнү уруп, дагы биринин курткасын айрып кеткен. Жаңжал чыккан жерге полиция келип, бирок эч кимди кармаган эмес.

24-мартта белгисиз адамдар Немцовдун сүрөттөрүнө мыскылдаган сөздөрдү жазып, гүлдөрдү ыргытып кетишкен. Ошондон кийин Москвада "Солидарность" кыймылынын активисттери саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн жердеги вандализмге байланыштуу прокуратурага кайрылышып, аталган жайда тартипти коргоп берүүсүн өтүнүшкөн.

Орусиялык оппозициячы Борис Немцов 27-февралдын кечинде Москванын борборунда атып өлтүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG