Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Нарбеков: Элдин саламаттыгы артка кетти


Эл аралык салттуу жана эксперименталдык академиянын президенти, профессор Оморбай Нарбеков азыркы кыргыз элинин саламаттык сактоо тармагы 30 жылга артка чегингенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эл арасында мурда болуп көрбөгөндөй санда онкологиялык дарттар өрчүп жатат.

Мындан тышкары боордогу, ичеги-карындагы мите курт дарттары менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы элдин дээрлик 60 пайызы жабыркайт. Жылына өлкөдө кургак учукту жуктурган 6 миң киши катталууда. Профессор бул абалды өткөн кылымдын 60-70 жылдарына салыштырып, элдин саламаттыгынын начарлоосуна мамлекеттик туура эмес саясат жана адамдардын кайдыгерлиги себеп болуп жатканын айтты. (BCh)

XS
SM
MD
LG