Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Быйыл түркмөн президенти Бердымухамедов Кыргызстанга келет


Быйыл Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов расмий сапар менен Кыргызстанга келиши мүмкүн. Бул тууралуу 4-апрелде Кыргызстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Рашид Мередовдун Бишкектеги жолугушуусунда сөз болду. Министрликтен басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар түркмөн президентинин быйыл күтүлүп жаткан расмий сапарына даярдыктарды, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулашты.

Мередов Кыргызстанга КМШ тышкы иштер министрлеринин Бишкектеги кеңешмесине катышуу үчүн келген.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев былтыр күзүндө Түркмөнстанга расмий сапар менен барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG