Йемендеги шиит козголоңчулар Сауд Аравия башында турган эл аралык күчтөрдүн абадан соккусуна карабастан, өлкөдөгү экинчи чоң шаар Аденди ээлеп алышты. Кабарларга караганда 5-апрелде козголоңчул хуситтер менен президент Абд Раббу Мансур Хадини колдогон күчтөрдүн кармашы уланды. Ал ортодо эл аралык коалиция баш калаа Санаа менен Саадада козголоңчуларды бутага алды.
Кытай баштаган өлкөлөр гуманитардык кризистен улам өз жарандарын Йеменден чыгарып кетүүдө.
Орусия Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кандуу кармаш жүрүп жаткан аймактан карапайым адамдарды чыгарып кетүүгө жана гуманитардык жардам жеткирүүгө аскерий операцияны убактылуу токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун сунуштады.
Кызыл чырым уюму Йемендеги куралдуу жаңжалдын катышуучуларын 24 саат тыныгуу алып, кырдаал оор аймактарга медициналык жардам киргизүүгө жол ачууга чакырды.