Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Шашылыш билдирүү: тоолордогу унаа жолдорго кар көчкү түшөт


3-апрелден 6-апрелге чейин жааган жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, анын ичинде Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Казарман-Акталчат, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу күтүлүүдө. Жолдор тайгак болуп, муз тоңуп турат. Бул тууралуу кабарлаган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган жолдордогу унаалардын ортосундагы кыймыл 500 метр аралыктан ашпоосун эскертүүдө.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы саат 18:00дөн 08:00гө чейинки убакытта жол жүрүүгө киргизилген чектөө сакталууда.

Өткөн жумада Кыргызстанга кар түшүп, сууктун күчү -15, -20 градуска чейин төмөндөгөн. Бул бүчүр алып гүлдөп калган бак-дарактарга жана талаадагы өсүп калган эгиндерге чоң зыянын тийгизди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG