Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Ооганстанда Молдо Омордун өмүр-баяны жарык көрдү


Талиптердин башчысы Молдо Омордун автобиографиясы тууралуу китеп беш миң беттен турат. Китеп 5-апрелде талиптердин интернеттеги баракчасынын башкы бетине жарыяланды. Анда Молдо Омор 1960-жылы Кандагарда туулган деп айтылып, анын атасы көптү билген коомдук ишмер деп сыпатталган. Китепке ылайык, талиптердин башчысы атасынан беш жашында калган. Ошондой эле анда Молдо Омор медреседен окуп, сабатын жойдурганы, бирок Советтер Союзу Ооганстанга киргенде таштап салганы да айтылат. Айрым маалыматтар боюнча ал сабатсыз.

Молдо Омордун талибандын башчылыгына дайындалуусуна он тогуз жыл болду. Он үч жылдан бери анын кайда жашынып, жашап жүргөнү тууралуу бир да маалымат жок.

Молдо Омор тууралуу китеп согушчандар талиптердин катарынан башка террордук уюмдарга качып өтүп жаткан кезде чыгып отурат.

XS
SM
MD
LG