Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:10

Токтогулда үч унаа күйүп, бир адам каза болду


4-апрелде саат 12:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 210-чакырымында күйүүчү май ташуучу эки оор унаа кагылышкан. Натыйжада бул эки унаа жана жолдо токтоп турган “Мерседес” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алды.

Окуя болгон жерге ӨКМнин куткаруучулары барып, төрт саат дегенде өрттү толугу менен өчүрүүгө жетишкен.

Бишкек-Ош унаа жолу Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн туташтырган стратегиялык магистрал. Узундугу 700 чакырым. Темир жол байланышы 90-жылдары токтогондон бери өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө күйүүчү май негизинен Бишкек-Ош жолу менен ташылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG