Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:25

“Аалам” партиясы “Ата Мекенден” карыз доолады


“Аалам” партиясыздардын партиясы гезит түрүндө атайын баракча чыгарып, “Ата Мекен” партиясы 60 000 доллар карыз экенин жазып чыкты. Почта бөлүмдөрүндө акысыз таратылып жаткан гезитте “Аалам” 2010-жылы “Ата Мекен” менен чогуу шайлоого барып, алданып калганы тууралуу айтылат:

“Шайлоо өнөктүгү үчүн 50 миң доллар “Ата Мекенге тапшырдык. Бул аз деп, дагы 10 миң доллар алышты. Бирок биздин өкүлдөргө тизмеден 33-орунду гана берип коюшту. Партия лидери бизге “белек орун болот” деп убада берген болчу. Бирок бизге рахмат айтканга да жарабады. Жок дегенде акчаны кайтарышса болмок”,- деп жазылат билдирүүдө.

Бул боюнча “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов “ааламчылардын” билдирүүсүн каралоо деп атап, 2010-жылы шайлоого чогуу аттанышканы чын экенин, бирок алар каражатты өздөрүнүн үгүт иштерине гана жумшаганын “Азаттыкка” билдирди.

“Аалам” партиясыздардын партиясы 2007-жылы да парламенттик шайлоого катышып, 5,3 пайыз добуш алган. Лидери Арсланбек Малиев. (SE)

XS
SM
MD
LG