Башкы прокуратура Оштун Ноокат райондук сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айыпталып жатат. Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, судья жергиликтүү тургундун 2 гектардан ашуун жерди колдонуу боюнча тийиштүү документтери бар экенине карабай, башка бирөөгө 5 жылга колдонууга уруксат чечим чыгарган. Ошондой эле ал жер тилкесине байланыштуу дагы бир ишке мыйзамсыз чечим чыгарганы айтылууда. Кылмыш иши тергелип жатат. (SE)