Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Орусияда мигранттардын сынактан өтүшү татаалдашат


Мигранттар Москва четиндеги Сахарово конушунда жайгашкан миграциялык борбордо. Январь, 2015-жыл.
Мигранттар Москва четиндеги Сахарово конушунда жайгашкан миграциялык борбордо. Январь, 2015-жыл.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына Орусиянын Элдер достугу университетинин проректору Анжела Должикова маалымдады. Анын айтымында, сынакка Крымдын Орусиянын курамына киришине байланыштуу, Сталиндин Советтер Союзун башкарган жылдарына тиешелүү жана 1–май майрамына таандык маалыматтарды камтыган суроолор кошулган. Андан тышкары Евразия экономикалык биримдиги боюнча тапшырмалар болору айтылууда. Жаңы үлгүдөгү тестти мигранттар 1-июлдан тапшыра баштайт.

2015-жылдын 1-январынан тарта Орусияда чет элдик мигранттар жумушка уруксат алуу үчүн орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча сынак тапшыруу эрежеси кирген. Мигрант сынак тапшыруу үчүн 4900, убактылуу жашоого уруксат үчүн 5300 рубль төлөшү кажет. (LzT)

XS
SM
MD
LG