Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков kyrgyztoday.kg сайтын сотко берди. Депутат сайтта өзү жөнүндө чыккан бир катар маалыматтарга нааразы болуп юристтерге кайрылганын “Азаттыкка” билдирди:
-Аталган сайт мен жөнүндө дайыма туура эмес кабарларды таратат. Буга мыйзам чегинде баа берилишин каалайм, - дейт Турсунбеков.
Ал интернет-басылмадан 5 миллион сом талап кылууда. Бул кабарды kyrgyztoday сайтынын кабарчысы Келдибек Назиров да тастыктап, 24-апрелге Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан чакыруу келгенин айтты.
Kyrgyztoday.kg cайтынын кожоюну мурдагы депутат Бегалы Наргозуев. Интернет-басылмадагылар муну бийликтин сайтты жабуу амалы катары баалоодо. (SE)