Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Аба ырайы: кар көчкү коркунучу сакталууда


9-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Адистер унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертет.

7-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад жана Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында жаан-чаачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 11...16,

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15,

Баткен облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 11...16,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,

Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 8…10, күндүз 14…16 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG