Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Грекия ЭВФтин карызын кайтарат


Грекиянын каржы министри Янис Варуфакис. Афины, 4-апрель.
Грекиянын каржы министри Янис Варуфакис. Афины, 4-апрель.

Грекия 9-апрелге чейин Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) 450 миллион евро ( 495 млн. доллар) насыясын төлөйт. Мындай убаданы Грекиянын каржы министри Янис Варуфакис ЭВФтин директору Кристин Лагард менен Вашингтондо болгон сүйлөшүүдө берди. “Грекия сунуш кылган реформа боюнча планды талкуулоо абдан үзүрлүү болду. Биз Грекияны, грек элине сөз бергендей, терең реформалайбыз” деп билдирди Варуфакис кабарчыларга.

Афина эл аралык кредиторлордон 7. 2 млрд. евро (7.9 млн доллар) насыя алуу боюнча катаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Грек өкмөтү насыя алып калса, бюджеттик кызматккерлердин маянасын жана пенсияларды төлөп, өлкөнү дефолттон сактап калабыз деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG