Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 21:53

Орусияда кыргыз жараны жаш кызды зордуктоого шектелүүдө


Кыргызстандык 31 жаштагы жаран секелек кызды зордуктады деген шек менен камакка алынды. Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, ал 31-март күнү Подмосковьеде таанышынын жети жашар кызын уурдап кеткен. Андан соң ата-энесине телефон чалып ири суммада акча талап кылган, эгер бербесе кызды өлтүрөрүн айтып коркуткан. Полиция кылмышка шектүү жаранды 1-апрель күнү кармаган. Кыздын зордукталганы айтылууда.

Маалыматка ылайык, шектүү 2010-жылдагы Ош коогасынан соң “киши өлтүрдү” деп милиция тарабынан издөөгө алынган. (LzT)

XS
SM
MD
LG