Бул жөнүндө Эр-Риядда жана Анкарада сапар карытып келген Пакистандын коргоо министри Мухаммед Азиф 6-апрелде парламентте билдирди:
- Саудия жетекчилиги Пакистан Йемендеги чечүүчү бороон операциясын согуштук учактар, деңиз кемелери жана курактагы аскерлер менен колдойт деген үмүтүн айтты. Акыркы 12-13 күндө Саудия ушул үч жардам тууралуу бизден бир нече мертебе сурады. Мен баштаган делегациядан да деңиз кемелери жана аскерий учактар менен жардамдашууну өтүндү.
Саудия башындагы аскерий коалициянын учактары Йемендеги шиит козголоңчуларга 26-марттан бери сокку урууда.
Суннит калктуу Саудия былтыр элинин негизги бөлүгүн сунниттер түзгөн Пакистанга 1.5 млрд доллар насыя берген.