Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

Апрель окуясына беш жыл


Апрель окуясынын курмандыктарына тургузулган эстеликтин ачылышы. "Ата-Бейит", 15-ноябрь, 2011-жыл
Апрель окуясынын курмандыктарына тургузулган эстеликтин ачылышы. "Ата-Бейит", 15-ноябрь, 2011-жыл

Буга байланыштуу бүгүн президенттин катышуусунда бир катар иш-чаралар болмокчу. Ала Тоо аянтында мамлекет башчынын катышуусу менен митинг болот.

Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекет башчы митингде сөз сүйлөйт. Андан кийин президент Атамбаев 7-апрелде окко учкан 87 кишинин сөөгү жаткан “Ата-Бейит” көрүстөнүнө барып, эскерүүгө катышат. Апрель окуясынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлат. Аягында Бишкектеги “Форум” ишканасынын жанында апрель окуясынын курмандыктарынын арбактарына багышталып куран окулат.

2010-жылы 7-апрелде мурунку президент Курманбек Бакиев бийликтен куулган. Бийлик алмашуусун, авторитардык режимдин бузулуусун талап кылып Ак үйдүн алдына чыккан элге карата ок атылып, 87 киши набыт болгон. Ондогон адамдар жаракат алышкан. Курман болгондорго “Апрель баатыры” деген наам берилип, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына 1 млн. сомдон компенсация берилген. Андан тышкары борбор калаадан жаңы тургузулган үйдөн батирлер берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG