Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Ак үй алдында Убактылуу өкмөттөн отчет талап кылган митинг болот


2010-жыл, 7-апрелдеги окуядан бир көрүнүш. Бишкек.
2010-жыл, 7-апрелдеги окуядан бир көрүнүш. Бишкек.

Бир катар коомдук уюмдар апрель окуясынан кийинки беш жылдан берки аралыкта жасаган иш-аракеттери тууралуу маалымат берүүсүн талап кылып, Убактылуу өкмөттүн он төрт мүчөсүн аянтка чакырган. Апрель окуясынан кийин бийликти колуна алган Убактылуу өкмөт кандуу июнь окуясына, коррупциянын ооздукталбаганына, элдик байлыктар дагы деле таланып-тонолуп жатканына жооп берүүгө тийиш деп билдирди “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков:

- Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөттүн он төрт мүчөсү жоопкерчиликти алып, набыт болгон балдардын мүрзө башында бир топ анттарды беришти эле. Ошолордун канчасы аткарылды, беш жылдан берки убакта биздин мамлекетке кайсы жерге келди, эртең кайда барат? Мына ушул жана башка суроолорго жооп сурайбыз.

Ак үйдүн алдында боло турган митингге апрель окуясынын катышуучулары, жарандык активисттер чогулат.

2010-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги куулгандан кийин, бийликке Убактылуу өкмөт келген. Башында Роза Отунбаева туруп, анын 1-орун басары болуп азыркы президент Алмазбек Атамбаев, орун басарлары болуп саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаров иштешкен. Июнь айынын онунда Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык жаңжал тутанып, бир нече кишинин өмүрүн алып кеткен. Айрым пикирлер боюнча, июнь окуясынын чыгышына Убактылуу өкмөттүн күнөөсү бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG