Мындай маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Алардын айтымында, Нарын районунун Чет-Нура айылынын тургуну Сейитбек Осмоналиев алдамчылык жолу аркылуу мамлекеттен 750 000 сом алган.
Ал «2010-жылдын 7-апрель күнү облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын жанынан жардыргыч заттан улам жыгылып, колум сынды».- деп облустук ооруканага кайрылган.
Натыйжада облустук соттук медициналык экспертизанын №157 корутундусунун негизинде Убактылуу Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттен алгач 50 миң сом алган жана 2013-жылы турак жай алууга 700 000 сом компенсация берилген.
Кийинчерээк тергөөдө анын колу 2010-жылы 11-апрелде тууганы менен урушуудан улам сынгандыгы аныкталгандыгын облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. (MiK)