АКШ президенти Барак Обама Ирандын өзөктүк программасы боюнча жетишилген келишимди “тарыхый мунаса” деп жарыялап, муну Жакынкы Чыгыштагы коркунучтун алдын алуу катары белгилеген. Ал 5-апрелде The New York Times гезитине курган маегинде Иран менен түзүлгөн келишим тобокелчиликтерди жеңет деп ишендирди. Барак Обама Израил мурдагыдай эле АКШнын коргоосунда болорун, “Вашингтондун Израилди коргоосу айныгыстыгын” айтты.
Израил Ирандын ядролук программасын чектөө боюнча 2-апрелде түзүлгөн келишимди “коркунучтуу багыттагы аябай коркунучтуу кадам” деп сындаган.
"Келишим - Ирандын ядролук курал жасоосуна эч кандай жылчык калтырбайт" деп билдирген эле АКШ. Швейцарияда жетишилген макулдашууга ылайык, БУУ, ЕБ, АКШ Иранга каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетет. Бул ядролук программа Тегеран-Батыш арасында 20 жылдан бери келаткан тирешүүнү жөнгө салары айтылууда. Иран жана АКШ, Британия, Кытай, Франция, Орусия, Германия 30-июнга чейин корутунду келишимди кол койгонго даярдашы абзел.