Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

SAUBER компаниясына кылмыш иши козголду


Пластмасса түтүк, плита жана башка курулуш материалдарын чыгарган SAUBER компаниясы кирешесин жашырып, салыктарды толук төлөбөй иштеп жатканы аныкталды. УКМКнын коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында, ишкана салыкка түшүшү керек болгон 5 миллион 408 миң сомду өз пайдасына кымырып алганы ачыкка чыкты. Буга байланыштуу компанияга Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси менен кылмыш иши козголгонун атайын кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

SAUBER компаниясынын негиздөөчүлөрү Кемал Газиоглу жана Эмрах Газиоглу. Жетекчиси Максатбек Токтоболотов. (SE)

XS
SM
MD
LG