7-апрель элдик революция күнүн эскерүү митинги бүгүн Каракол шаарында да өтүүдө. Иш-чара А.Пушкин атындагы сейил бакта башталды. Эскерүү митингине облус жетекчилиги, апрель окуясында каза болгондордун жакындары, жараат алгандар катышышты. "Айкөл Ала тоо" коомдук бирикмесинин Ысык-Кол облусу боюнча координатору Максат Чегирткеев ыңкылап өз максатына жетпегенин, маркумдардын үмүтү акталган жок деп билдирди. Чыгып сүйлөгөн апрель баатырларынын көпчүлүгү мына ушундай пикирлерин билдишти. Иш-чарада апрель баатырларынын эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, куран окутулду.