Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:11

Активисттер Ак үй алдында митинг өткөрдү


Митингдин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.

Апрель окуясынан кийинки беш жылдан берки аралыкта бийликтин жасаган иш-аракеттери тууралуу маалымат берүүсүн талап кылган 100гө чамалуу киши бүгүн Ак үй алдына митингге чыкты.

Арасында Апрель окуясынын катышуучулары жана жарандык активисттер бар. Алар 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн он төрт мүчөсүн аянтка чакырып, аткарылган иштердин жыйынтыгын талап кылышты. Бирок акция катышуучуларына эч ким чыгып, жолуккан жок. Уюштуруучулардын бири, “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков “Азаттыкка” митинг тууралуу маалымат берип жатып Убактылуу өкмөт кандуу июнь окуясына, коррупциянын ооздукталбаганына, элдик байлыктар дагы деле тонолуп жатканына жооп берүүгө тийиш экенин айтты.

Коомчулукта июнь окуясынын чыгышына Убактылуу өкмөттү күнөөлөгөндөр бар. (SE\MiT)

XS
SM
MD
LG