Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

АКШ Иранга каршы санкцияларды толук жоюшу мүмкүн


Эгер Тегеран менен алты дүйнө державасынын ортосунда Ирандын ядролук пргораммасы боюнча туруктуу келишим жетишилсе, бул өлкөгө каршы санкциялар бир четинен күчүнөн кетирилет. Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест билдиргендей, бул тууралуу Вашингтон Ирандын бийлик өкүлдөрүнө кулак кагыш кылды. Ошондой эле АКШнын президенти Барак Обама Иран Израилди таанышы керек деген шарт жыйынтыктоочу келишимге кириши керек деген талапты четке какты. Ал арада таасирлүү демократ сенатор Чук Шумер Конгресске Иран менен ядролук келишимди четке кагууга мүмкүндүк берүүчү республикачылардын сунушун колдой тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG