Кыргызстандын аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 9-апрелге чейин тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Адистер унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертет.
8-апрель күнү Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 11...16,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,
Баткенде облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 12…14 градус жылуу болот.