Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

АКШ: өзбекке террордук айып коюлду


АКШда өзбекстандык жаранга "Ислам мамлекети" уюшмасына элди азгырган деп айып коюлду.

АКШ тургундарын Сириядагы согушка жиберүү үчүн каражат топтоого байланышкан террордук иште төртүнчү кишиге айып тагылды. Өзбекстандын Нью-Йоркто жашаган жараны Дихайот Касимовдун ысымы Бруклиндеги федералдык сотто буга чейин айыпталган үч кишинин катарында аталды.

Касимовго конспирация менен катар террордук уюмга каржылык колдоо көрсөтүү аракети үчүн айып коюлду. Прокурорлордун айтымында, ал Каримов Акбор Сайдахметов дегенди Сириядагы "Ислам мамлекети" тобуна жөнөтүүгө керек болгон 1600 доллар топтоо үчүн Аброр Хабибов деген менен жакындан кызматташкан деп шектелүүдө.

19 жаштагы Сайдахметов Кеннеди эл аралык аба бекетинде 25-февралда Түркияга бараткан жеринен кармалган. Соттук маалыматтарда, Касимов Саидахмедовдун Сирияга баратканын билип туруп, ага акча бергендигин моюнга алды.

XS
SM
MD
LG