Мэрияга караштуу “Бишкексууканал” ишканасы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 8-апрелде калаанын бир катар аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотуларын билдирди. Таза суу берүү Панфилов, Фрунзе көчөлөрүндө, Аламүдүн каналынын боюндагы конуштарда токтотулат.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жарандарга таза сууну камсыздап алууну эскертет. (SE)