Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган делегация жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешмеге катышуу үчүн Вашингтонго кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жыйын 8-10-апрель күндөргө белгиленген.
Жыйындын алкагында, саясий, соода-экономикалык кызматташуу талкууланат. Ошондой эле адам укуктары, демократия жана коопсуздук жаатында маселелер каралат. (SE)