Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Парламент комитети өкмөттүн Кумтөр боюнча аткарган ишине канааттанбады


Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кумтөр долбоору боюнча быйыл февралда өкмөткө берилген тапшырманын аткарылышын канааттандырарлык эмес деп тапты. Комитет маселени Жогорку Кеңештин пленардык отурумуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.

Депутаттар 26-февралда өкмөткө бир айдын ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди же улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун алып келүү тапшырмасын берген. Бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт өкүлдөрү комитетте бул боюнча баяндама жасады. Премьер-министр эки сунуш тең туура эместигин айтып, Кумтөр мурунку бойдон иштей бериш керектигин белгиледи. Ошондой эле кызматтан кетүүгө даярдыгын айтып, кимдир бирөө Кумтөр боюнча башка оптималдуу вариант сунуштаса, ошол адам премьер болушу керектигин, талапкер жумшак рейтинг аркылуу шайланышы кажет экенин билдирди.(SE\UEz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG