Аксы районунан 2010-жылдагы ыңкылапка катышып, “Апрель революциясынын баатыры” наамын алган айрым жарандар бүгүнкү эскерүү иш-чарасына чакырылбаганын айтууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Апрель революциясынын баатыры, райондук депутаттардын кошмо жыйынынын төрага орун басары Жанарбек Надырбеков билдирди.
-Мен Аксыдагы апрель баатырларынын коомун жетектейм, төңкөрүшкө катышкан 12 адамды райондук бийлик бүгүнкү уюштурган иш чарага чакырган жок. Буга чейин 7-апрелде оппозицияны колдоп Кербенде митинг өткөрөбүз деген элек. Бирок аны башка күнгө жылдырганбыз,- дейт Надырбеков.
Ал эми район акиминин орун басары Зарипа Калматова 2010-жылдагы ыңкылапка катышкан Аксыдагы 13 кишиге тең чакыруу берилгенин билдирди.
Жалал-Абад облусунда учурда апрель революциясынын 100гө чукул катышуучусу бар. (RsK)