Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:39

Бишкекте активистке акция өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилбеди


Өндүрүш Токтонасыровдун акцияларынын бири. 31-март, 2015-жыл. Бишкек.
Өндүрүш Токтонасыровдун акцияларынын бири. 31-март, 2015-жыл. Бишкек.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго Бишкектеги Беларус элчилигинин жанында пикет өткөрүүгө милиция мүмкүнчүлүк бербеди. Бул тууралуу Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн Апрель ыңкылабын эскерүү митингине катышуу үчүн барган учурда милиция аны Ала-Тоо аянтына жолотпой койгон. Активист менен катар дагы ондогон жарандар эскерүү жыйыны өтүп жаткан жерге киргизилген эмес.

-Андан соң Беларус элчилигинин жанына Бакиевди кайтаруу талабы менен пикет өткөргөнү бардым. Колумда президент Лукашенконун түстүү сүрөтү бар болчу. Аны өрттөйм дегем. Бирок милиция пикет өткөрүүгө уруксат бербей, кетирип салды,- дейт Токтонасыров.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат түшө электигин, кийинчерээк комментарий берилерин кабарлады.

Токтонасыров 2010-жылдан бери Бакиевди кайтаруу талабы менен Беларус бийлигине каршы ар кандай акцияларды өткөрүп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG