Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Активист: орустар чындыкты билүүгө тийиш


Москвада Борис Немцовдун кыркылыгы белгиленгенде, оппозиция активисти Илья Яшин өлкө чындыкты билүүгө тийиш деди:

- Биздин отчеттон бирдеме өзгөрөбү жокпу, айта албайм, бирок ар ким өз милдетин аткарышы керек. Биздин өлкөдө өзгөрүш болушу үчүн, биринчи кезекте чындык айтылышы керек. Орус аскерлери Донбасста өлүп жатат. Путин баштаган кандуу согуш токтошу керек. Биз мекендештерибизге ушуну жеткирели дейбиз. Ким андан кандай жыйынтык чыгарат, бул жарандардын өз иши.

Жүздөгөн киши оппозиция лидери өлтүрүлгөн жерге гүл койду. Социалдык тармактар аркылуу уюштурулган дагы бир иш-чарага чогулгандар бир мүнөттүк эскерүү өткөрүштү.

Орусиянын Украинадагы жаңжалга аралашуусун катуу сындап келген Немцов 27-февралда өлтүрүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG