Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Нарында асма көпүрөдөн кулаган жарандын сөөгү табылды


Облустун Ак-Булуң айылында Нарын дарыясындагы асма көпүрөдөн кулап кеткен 41 жаштагы Назгүл Дамбылдаеванын сөөгү бүгүн эртең менен табылды. Кырсык 7-апрелде болгон. Маркумдун денесин туугандары Чет-Нура айылына жакын аралчадан табышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Издөө иштерин кечээтен бери мекеменин куткаруучулары менен жергиликтүү тургундар чогуу жүргүзүп жаткан болчу.

Нарын дарыясында бир катар асма көпүрө бар. Тургундар алардын эскилиги жеткендиктен кооптуу экенин айтып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG