Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Ошто мамлекеттик кызматкер жемкорлукка шектелүүдө


Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондору боюнча бөлүмүнүн башкы адиси пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл мекеменин маалыматында, 7-апрель күнү Ош облустук Ички иштер башкармалыгына башкы адис 50 000 сом пара талап кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү 20 000 сомду иш бөлмөсүндө алып жаткан учурда кармалган. Ал жергиликтүү тургундан мыйзамсыз жер участогун колдонууга документ жасап берүү максатында акча сураганы айтылууда.

Ош прокуратурасы бул боюнча кылмыш иш козгоду. (SE)

XS
SM
MD
LG