Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Студенттердин "МедиаКөпөлөк" фестивалы өтүүдө


Бул күндөрү Бишкектеги жогорку окуу жайлар арасындагы "МедиаКөпөлөк" фестивалы уланууда. Быйыл үчүнчү жолу уюштурулган иш-чара 12-майда жыйынтыкталат.

Студенттер үчүн түрдүү тренинг, семинарлар уюштурулуп, алар өзү тандаган маселе боюнча чакан медиапродукция даярдай алат. Келечекте медиа тармакта иштөөнү көздөгөн жаштар үчүн бул өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө, ал эми маалымат каражаттарынын жетекчилерине жаңы кызматкерлери тандоого шарт түзөт.

Буга чейин эки жыл бою фестиваль Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өткөрүлгөн, быйыл Борбор Азиядагы Америка университетинде өтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG