Amnesty International укук коргоо уюму Белграддан күч менен көчүрүлгөн сыгандарга Сербия бийлиги жаңы үй-жай бербегенин айтып сындап чыкты. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн Евробиримдик Сербияга 3 миллион 600 миң евро грант бөлгөн.
Укук коргоо уюму белгилегендей, сыгандарды көчүрүү процесси ушул жылдын февраль айында аякташы керек эле. Ошентсе да ушул күнгө чейин аларга арналып курулуп жаткан үйлөрдүн бири да бүткөн эмес.
2012-жылы Сербия бийлиги Белграддагы мыйзамсыз Белвил конушунан 167 сыган үй-бүлөнүн турак жайын күч менен түрттүрүп салган. Алардын онуна гана жаңы үй берилген. Азчылыктын басымдуу бөлүгү учурда темир контейнерлерде күн көрүүдө. Алардын көбү жумушка орношо албайт, балдары мектепке барбайт.
Расмий маалымат боюнча Сербияда 150 миңдей сыган жашайт.
Бүгүн, 8-апрелде эл аралык сыгандар күнү белгиленүүдө.